super.kg logo

"Ак-Ордо-3 конушундагы окуя: Орунбеков шектүүнү башка адам деген билдирүүлөргө жооп берди (видео)

 
Ак-Ордо-3 конушундагы адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү тууралуу айтылган пикирлерге президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берди. Ал социалдык тармактарда “бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун?”деген пикирлер боюнча билдирүү жасады.
"Азыр 21-кылым, Ички иштер министрлигинин техникалык базасы жана “Коопсуз шаар” системинин мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү өнүккөн. Бүт жерде камералар бар. Мындан тышкары, кылмышкерлерди табуунун ыкмалары көп, аны ачыктабай эле коёюн.
Кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаттары боюнча так аныкталды. Тергөө жүрүп жатат. Ал тургай, эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү",- деди Орунбеков.
Орунбековдун маалыматы боюнча, шектүүнүн атасы М.С. дагы мурда эки жолу соттолгон. Ал уюшкан кылмыш тобунун жетекчилеринин бири, “Дөө Чыңгыздын” уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган. Кийин “Дөө Чыңгызды” акыркы сапарга узатууга дагы катышкан.
"Андыктан, кылмышка шектүүнүн жаш курагын эске алып, “окшошпой жатат, башканы эле кармап алдыңар” деген талкууларга чекит коёлу. Милиция өз ишин кылып жатат, ар бирибиз эле эксперт боло бербейли. Кылмышка шектүүнүн адам өлтүрүүгө чейинки жүргөн жерлери, видеолору, 100 пайыз тастыктаган далилдердин баары ИИМде бар. Жөн эле бир байкушту кармап алып, мойнуна илип коюу оюнчук эмес. Бул окуя резонанска айланды, ИИМ дыкат жана оперативдүү иштеди. 100 пайыз тастыктаган маалыматтарга ээ",-деп билдирди Орунбеков.
Буга чейин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.
Кечээ, 7-октябрда Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы 2 жарандын өлүмүнө шектелип жаткан кылмышкер милиция тарабынан кармалганы айтылган. Шектүүнүн 2006-жылы туулгандыгы жана каза болгон 34 жаштагы жаран менен эч кандай байланышы болбогондугу маалымдалган. Бирок ИИМ бул боюнча расмий билдирүү бере элек.

Белгилей кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта үрөй учурган окуя катталып, эки бир тууганды бычактап кетендиги боюнча маалымат тараган.

Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгондугу маалымдалды. Каргашалуу окуя болгон жерден каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Super.kg порталы окуя болгон жерге барып, маркумдардын кошуналары менен сүйлөшүп келди.









"Ак-Ордо-3 конушундагы окуя: Орунбеков шектүүнүн башка адам экени боюнча билдирүүлөргө жооп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: