Садыр Жапаров 2020-жылдагы толкундоо тууралуу эмнелерди айтты?
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча маек берди. Анда өлкө башчысы ошол жылы "Достук" мейманканасында депутаттар тарабынан премьер-министр болуп шайланышына учкай токтолуп, китеп жазарын билдирди.
"Ал окуялар боюнча кийин мемуар жазам. "Саясаттагы 10 жыл" аттуу китебимдин уландысын чыгарам. 2015-жылдан берки бүгүнкү күнгө чейинки окуялар, түрмөдөгү үч жарым жылдык жашоом камтылат. Ошол жерден көптөгөн кызыктуу, таң калычтуу окуяларга күбө болосуздар. Китеп "Бестселлер" болот", - деди ал.
Мамлекет башчысы толкундоодон кийин бийликти басып алуу аракеттери жүргөнүн белгилеп, аны алдын алганын айтты. Ошондой эле Жапаров мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков оор сүйлөшүүлөрдөн кийин кызматын тапшырганын жана Жээнбековду жазалайбыз деген жоон топ элди токтотуп калганын билдирди.
"6-октябрь күнү эртең менен жоон топ балдар Байтик тарапка жөнөп калышкан экен. "Эмне болду?" десем, "Сооронбай Шарипович ошол жакта бир үйдө жатат экен кармап, аянтка алып келип жазалаганы кетип жатабыз" дешти. Колдорунда куралдары бар..." - деп эскерет өлкө башчысы.
Садыр Жапаров өзү бийликке келерде элдин акыркы үмүтү анда болгонун айтып, бийликке келгендеги алгачкы кадамдары тууралуу да кеп кылды.
Мындан тышкары, Жапаров мурдагы президенттер менен Дубайда болгон жолугушуу тууралуу сөз кылып, алдыдагы парламенттик шайлоого да токтолду. Мамлекет башчысы ллдик толкундоо кайталанбашы үчүн шайлоолор таза өтүшү керкек деген пикирде.
"Бул шайлоону жеке өзүм көзөмөлгө алам. Адилетсиздик болду деп кайрылган округдарга дыкат көңүл буруп, адилеттүү чечимдерди чыгарабыз. Октябрь окуяларына талаштуу шайлоо себеп болгон. Эми алдыда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Эскиден сабак алып, элдин ишеними үчүн бул жолу эмнеге өзгөчө көңүл буруу зарыл деп ойлойсуз?
Биз, бийлик тарап, таза шайлоо өткөрүш үчүн бардык шарттарды түзүп бердик. Баарын автоматташтырдык. Элдин баары шайлоого катышсын деп, аралыктан добуш берүүнү уюштуруп жатабыз. Мурда сен чаткалдык болуп, бирок шайлоо күнү облус борборуна же Бишкекке келсең добуш бере алчу эмессиң. Азыр эми каалаган жериңде жүрүп, Чаткалдын бюллетенин алып, добуш бере аласың. Бул чет өлкөлөрдө жүргөндөргө да тиешелүү. Берген добушуңар ар бириңердин өзүңөрдүн райондоруңардан коюп жаткан талапкердин эсебине кошулат.
Адам фактору аралашпайт. Бир дагы талапкер же эл ичинен кимдир бирөөлөр шайлоо таза эмес өттү деп айта албайт. Жасалма шайлоолор артта калды. Эми эл өздөрү оңолуш керек. Добушун сатпаш керек. Эгер эл массалык түрдө добушун сатса, бийлик күнөөлүү эмес да. Ошондуктан бул жолу эл өзү көзөмөлгө алыш керек",- деп жыйынтыктады Жапаров.

