Жей Ло Алматыдагы концертте болгон окуя тууралуу айтып берди
Америкалык ырчы Женнифер Лопес Алматыдагы концертинде болгон кызыктуу учур тууралуу айтып берди. 10-августта берген концертинде анын мойнуна чегирке конуп алган видео социалдык тармактарда тарап, кызуу талкуу жараткан.
Лопес бул тууралуу The Tonight Show Starring Jimmy Fallon программасында айтып, алгач муну жөн гана чымын-чиркей деп ойлогонун белгиледи.
"Мен бир нерсени сездим, ал жөн гана учуп жүргөн чымын-чиркей го деп ойлодум. Анткени прожекторлордун жарыгына майда чиркейлердин келип жатканын байкагам. Башында ал жөн эле конуп, кайра учуп кетет го дегем, бирок бир маалда карасам, ал мага чыгып баратыптыр",- деп эскерди ырчы.
Ошол убакта Лопес ырды аягына чыгаруу керектигин гана ойлонгонун айтты.
"Ал мени майда буттары менен кытыгылап жатты. Мен болсо ичимден "жөн гана ырды бүтүрүшүм керек" деп ойлондум. Аны колум менен түшүргөндө прожектордун жарыгынан көрдүм, ал дээрлик тик учактай чоң экен!",- деди ырчы тамаша аралаш.
Бул көрүнүш интернетте "дүйнөдөгү эң бактылуу чегиртке" деген мемдерге айланып, "мен анын ордунда болсом кыйкырып сахнадан качмакмын, ал болсо тынч гана ырдоону улантты" деп жазышып, күйөрмандары Лопестин сабырдуулугуна суктанган.
Ырчы болсо мындай учурлар "жандуу концерттердин бир бөлүгү" экенин белгиледи.
