super.kg logo

Кара-Балтада кароосуз калган үйдөн 48 жаштагы кишинин сөөгү табылды

 

Кара-Балта шаарында ур-токмоктон каза болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү саат 07:29 чамасында Лермонтов көчөсүндө жайгашкан үйдөн 48 жаштагы кишинин денеси табылып, денесинде жаракаттары бар экендиги аныкталган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө маркумдун туруктуу жашаган жери жок экени, аталган үйдө, тагыраагы, кароосуз калган тамда жашап жүргөндүгү такталган. Ошондой эле мурунку күнү белгисиз жаран менен алкоголдук ичимдигин ичип жүргөндүгү аныкталган.

Натыйжада шектүү катары мурда соттолгон 33 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кылмыш иши боюнча соттук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: