super.kg logo

Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү талкуу жараткан тактайча алынды

 

Социалдык тармактарда талкууга алынган Бишкектин Токтогул көчөсүнүн аталышы туура эмес жазылган тактайча алынды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Анда айтылгандай, "Бишкек башкы архитектура" мекемеси тарабынан бекитилген дизайн кодго ылайык келбейт жана жергиликтүү орган тарабынан илинген эмес. Өз билемдик менен уруксатсыз илгендер аныкталып, тийиштүү чаралар көрүлөт.

Буга чейин интернетте шаардагы Токтогул көчөсүнө "Токтогула көчөсү" деп жазылып илинген такта кызуу талкуу жараткан. Анда "токтоп, анан өтүш керек", "токтоп туруш керек" деген сыяктуу жылмайткан комментарийлер жазылган.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев ал тактанын илинишине калаа бийлигинин тиешеси жок экенин билдирди.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: