super.kg logo

Өлкөдө Япониянын STEM долбоору сыноодон өтөт (фото)

 
Кечээ, 7-октябрда Агартуу министрлигинде Япониянын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басары Альберт Махметкулов, министрликтин жетекчилери, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года, Япон-кыргыз экономикалык кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Тарутоко Шинжи жана Gakken Holdings билим берүү компаниясынын глобалдык бизнес бөлүмүнүн директору Кэнжи Момота катышты.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда япон тарап Gakken Holdings компаниясынын STEM багытында окутуу программасын сунуштады. Өз кезегинде Кендирбаева балдарды эрте өнүктүрүү, мугалимдерди маалыматтык технологиялар жана робототехника багытында даярдоо жаатында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.
Тарутоко Шинжи STEM долбоорун пилоттук түрдө бир мектепте баштап, ийгиликтүү жыйынтык болсо, андан ары кеңейтүүнү сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жаатындагы кызматташууну бекемдөө максатында биргелешкен жумушчу топ түзүп, пилоттук долбоорду ишке ашыруу чечимине келишти.
Мекемеден маалымдашкандай, Gakken Holdings Японияда билим берүү, медицина жана социалдык тейлөө тармактарында иш алып барган ири компания болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: