super.kg logo

Бишкекте белгисиз адам тарабынан кызга кол салуу болду (видео)

 

Бишкекте белгисиз адам көчөдө кызды сабап кеткени боюнча видео интернетте тарап жатат.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 7-октябрда саат 23:00 чамасында Тимур Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Бир нече жолу ургандан кийин ал кызды жерге жыгып, дагы сабай баштады. Дароо айланасында жүргөн адамдар жардам көрсөтүштү. Бирок ал кызды жолдун аркы бетинде токтоп турган унаага сүйрөп барды. Машинада дагы бир эркек киши болгон. Көп өтпөй жолдон өтүп бара жаткандар жардамга келип, кыз унаадан түшүп калууга үлгүрдү. Алардын бири-бирин тааный турганы белгисиз",- деп билдирген күбөлөрдүн бири.

Жабыркаган кыз ага жардамга келген аялдар менен бирге окуя болгон жерден кетип калган.

Ал эми бул боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, мекеме окуя каттоого алынганын, учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди. Кошумча маалыматтар кийинчерээк бериле турганы айтылды.






Бишкекте белгисиз адам тарабынан кызга кол салуу болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: