super.kg logo
  Саясат  

"Чаташтырып жатышат". БШК төрагасы аралыктан добуш берүүнү түшүндүрдү

 

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 8-октябрда өткөн маалымат жыйынында айтты.

Ал билдиргендей, айрымдар аралыктан добуш берүүнү электрондук добуш берүү менен чаташтырып жатышат.

"Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, биздин өлкөдө электрондук добуш берүү жок, бул келечектин иши. Аралыктан добуш берүүнүн электрондук добуш берүүдөн айырмасы - шайлоочунун шайлоо тилкесине өзү жеке келип катышуусу талап кылынат.

Шайлоочулардын тизмесинде катталган жаран эч кандай бюрократиялык тоскоолдуксуз каалаган шайлоо тилкесинде добуш бере алат",- деди Шайназаров.

Маалымат үчүн: Парламентке кезексиз шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт. Өлкөдө 30 округ түзүлгөн, ар бир округдан парламентке үчтөн депутат шайланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: