Мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен кезектеги шайлоону өткөрүүнүн айырмачылыгы барбы?
Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабылгандан кийин мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева "Биринчи радиого" берген маегинде мөөнөтүнөн мурда шайлоодо кандай айырмачылыктар бар экенин айтып берди.
Ал кезектеги шайлоолордү өткөрүүгө 100 күндөн ашык, 90 күндөн кем эмес убакыт берилерин, ал эми кезексиз шайлоону өткөрүү мөөнөтү ал убактын үчтөн бирине барабар болорун билдирди.
"Ошондуктан азыр ар бир этаптарды кыскартуу менен алектенип жатабыз. Ошол эле үгүт иштери, документтерди тапшыруу, документтерди тактоо, каттоо, бардыгынын мөөнөттөрү кыскартылат",- деди Жупуева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:34
2025-10-08
Рейтинг:
0

