super.kg logo

Жеткинчек кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген 41 жаштагы жаран окуя боюнча үн катты

 

Ыдык көрсөтүүгө шектелген 41 жаштагы Азамат Биялиев аттуу жаран SUPER.KG медиа порталына кайрылып, окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, жабырлануучунун апасы тарабынан жазылган арызда көрсөтүлгөндөй, ал 6 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүнүн сүрөтүн жана башка уяттуу видеолорду жиберген эмес. Ал арыз жазган жабырлануучунун апасы менен жарандык никеде жашашканын билдирди. Алардын видео байланыш аркылуу сүйлөшүүсү учурунда сүрөткө тартып алып, ошол фотону "кызыма жиберген" деп айтып жатканын айтууда.

Шектүү делген киши жубайынын кызына эч кандай уят сүрөт, видеолорду жибербегенин, буга далил толук материалдары бар экендигин кошумчалады.

Биялиев 2-топтогу майып экенин билдирип, буга чейин атайын даярдыктагы полкто эмгектенгенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин биздин медиа порталга жабырлануучу тараптын адвокаты Бишкекте 41 жаштагы киши тарабынан жеткинчек кызга ыдык көрсөтүү болгонун айтып берген эле.

Аталган окуя боюнча Биринчи Май РИИБине кайрылганыбызда факт тергөө кызматы тарабынан каттоого алынып, текшерүү иштери башталганын билдиришти. Азыркы учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.






Ыдык көрсөтүүгө шектелген 41 жаштагы киши окуя боюнча түшүндүрмө берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: