super.kg logo

ӨКМ Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өткөрдү

 

Бүгүн, 8-октябрда Бишкекте Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата VI илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага ӨКМ башчысынын биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин экономика жана экология бөлүмүнүн башчысы Рати Джапаридзе жана БУУнун Европа жана Борбор Азиядагы табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча башкармалыгынын аймактык кеңсесинин башчысы Наталья Алонсо катышты.

Мындан тышкары Дүйнөлүк банк, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана башка бир катар дүйнөлүк уюмдар, тажрыйбалуу эксперттер, ошондой эле ӨКМ кызматкерлери катышты.

"Бүгүнкү дүйнө болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга туш болууда. Биз өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү жооп кайтаруу менен гана чектелбестен, мүмкүн болуучу зыяндар минималдуу болгон шарттарды түзүшүбүз керек”,- деди Мамбетов.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги заманбап мониторинг жана эрте эскертүү технологияларын жигердүү киргизүүдө, коомдук даярдыктын тутумун жакшыртууда, мекемелер аралык кызматташтыкты чыңдоодо.

“Биздин максат – ар бир жаран коопсуздукту камсыздоодо өзүнүн ролун түшүнгөн, ар кандай чакырыктарга даяр, туруктуу мамлекетти куруу. Эл аралык демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу жарандык коргонуунун улуттук системасын мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөөрүнө ишенебиз”,- деп билдирди биринчи орун басар.

Өз кезегинде Антье Граве айым өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча улуттук механизмдерди колдоо боюнча БУУнун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Белгилей кетсек, жыл сайын Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү 5-октябрда белгиленип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: