Изилдөө: Баланын мээси чет тилин үйрөнүүгө төрөлө электе эле жөндөмдүү болот
Монреаль университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, эгерде бала чет тилдеги сөздөрдү энесинин курсагында жүргөн маалда укса, анын мээси ал тилди айырмалоого жана жарым-жартылай түшүнүүгө жөндөмдүү болот. Тагыраагы, төрөлгөнгө чейин эле угулган чет тил мээнин сөздү кабыл алуу үчүн жооптуу нейрондук тармактарынын активдүүлүгүн өзгөртө алат.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, изилдөөгө 60 француз тилинде сүйлөгөн кош бойлуу аял катышкан. Алар кош бойлуулуктун 35-жумасынан баштап, күн сайын француз жана кошумча чет тилинде кыска аудио аңгемелерди угушкан. Төрөлгөндөн кийин ошол эле тексттер ымыркайларга кайра угузулуп, мээнин активдүүлүгү атайын инфракызыл спектроскопия ыкмасы менен өлчөнгөн.
Жыйынтыгында, эгер бала төрөлгөнгө чейин уккан тилди кайра укса, мээнин сүйлөөнү кабыл алуу менен байланыштуу бөлүктөрү чоң адамдардыкындай эле активдешкен. Ал эми таптакыр жаңы тилди укканда, мээнин активдүүлүгү бир топ төмөн болгон.
Окумуштуулар бул изилдөө мээнин төрөлө электе эле жогорку ийкемдүүлүккө ээ экенин далилдеп, баланын эрте тил үйрөнүү жөндөмүн иликтөөгө чоң жол ачарын белгилешүүдө.
