Ак-Ордо конушундагы кандуу окуя: ИИМ шектүүнүн кармалганын тастыктап, окуя боюнча видео жарыялады (видео)




Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Мекеме билдиргендей, 3-октябрь күнү саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, белгисиз эркек киши үйгө кирип, үй ээсине бычак менен жаракат келтирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у. Э. жана анын бир тууган эжеси, 1987-жылы туулган Б.А.нын денелери табылган.
Ал эми окуя болгон жерди кароо учурунда далил буюмдар, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен ири суммадагы акча каражаты табылып, алынган.
Аталган факт боюнча Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси "адам өлтүрүү" менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И. у. Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы суракка алынып, анын айтуусу менен шектүүнүн болжолдуу келбети түзүлүп, ички иштер органдарына издөө тууралуу багыттамалар берилген.
Милиция кызматкерлери тарабынан аймактагы видеокамералар текшерилип, ар бири дыкат карала башталган.
Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар жана фактылар чогултулуп, ал 2006-жылы туулган И.С. экендиги аныкталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү И.С. коомдук жайларда орнотулган ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган жүздү таануу көзөмөл камераларынын жардамы менен кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди.
Ошондой эле шектүүнүн кайсы багытта жүргөндүгү боюнча видео маалыматтар такталып, Бишкек шаарынын аймагында жана ошондой эле Ысык-Көл облусуна чейинки аралыктагы видео көзөмөл камералары текшерүүгө алынган.
Мекемеден билдиришкендей, азыркы учурда жасалган кылмыш ишинин жагдайларын аныктоого багытталган бардык зарыл ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, бүгүн, 8-октябрда шектүү тууралуу айтылган пикирлерге президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берген. Ага чейин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.
Кечээ, 7-октябрда Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы 2 жарандын өлүмүнө шектелип жаткан кылмышкер милиция тарабынан кармалганы айтылган. Шектүүнүн 2006-жылы туулгандыгы жана каза болгон 34 жаштагы жаран менен эч кандай байланышы болбогондугу маалымдалган.
Super.kg порталы окуя болгон жерге барып, маркумдардын кошуналары менен сүйлөшүп келди.
Ак-Ордо-3 конушундагы кандуу окуя: ИИМ шектүүнүн кармалганын тастыктап, окуя боюнча видео жарыялады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:24
2025-10-08

23:20
2025-10-06
17:01
2025-10-06
16:20
2025-10-06

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.