Чүйдүн Кара-Дөбө айылынын тургундары имамга унаа белек кылышты





Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кара-Дөбө айылынын тургундары көп жылдан бери айылдын имамы болуп кызмат кылып келе жаткан Азамат Жакупбаевге Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Азамат Оторбаев билдирди.
7-октябрда өткөн иш-чарага жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары катышты.
Эл алдына чыгып сөз сүйлөгөн аксакалдар имамдын көп жылдардан бери айыл ичиндеги ынтымакты, биримдикти, сабырдуулукту жана ыйманды сактоодо көрсөткөн эмгегин баса белгилешти.
Өз кезегинде Жакупбаев тургундарга ыраазычылык билдирди.
"Бул мен үчүн күтүүсүз жана өзгөчө белек болду. Элдин ак ниети менен берген белеги мага зор дем-күч берет. Бул күнү мен бир гана автоунаа эмес, элимдин батасын, колдоосун жана ыраазычылыгын алдым",- деген ал.
