Уиткофф менен Трамптын күйөө баласы Газа боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышат
АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Египетте өтүп жаткан Газа боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, алар шейшемби күнү кечинде АКШдан учуп чыгып, бүгүн, 8-октябрда Египетке келиши керек.
Белгилей кетсек, 7-октябрда Дональд Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетишүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу комментарий берген эмес. Ал X социалдык тармагында төмөнкүдөй билдирүү калтырды:
"Бардык уурдалган адамдарды кайтаруу, ХАМАС режимин жок кылуу жана Газанын мындан ары Израилге коркунуч жаратпашына кепилдик берүү – биздин максат".
Ал эми Палестин тараптын жогорку даражалуу өкүлү сүйлөшүүлөр оор жүрүп жатканын, азырынча олуттуу жыйынтыкка жетишпегенин билдирди. Анын айтымында, Израил сунуштаган аскерлерди чыгаруучу карталар боюнча жана ХАМАС талап кылган коопсуздук кепилдиктери боюнча пикир келишпестиктер бар.
