Манас шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн алкагында Манас шаарынын Пушкин көчөсү, 136 жана Жамбыл көчөсү, 83 даректеринде жайгашкан көп кабаттуу турак жайлардын айланасындагы коммерциялык максатта пайдаланылып жаткан курулуштар каралган.
Натыйжада мыйзамсыз курулуштар аныкталып, учурда 3 объект өз ээлеринин демилгеси менен бузулду. Мындан сырткары 3 жаранга жалпысынан 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү акт, протокол түзүлгөнү кошумчаланат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.