Туманбаев Таласта алгачкы жолу 9 кабаттуу үйлөр курулуп жатканын билдирди (видео)

"Так бир ай мурун мамлекет башчысы Талас жана Нарын облустарында жеткиликтүү батирлер өтө аз экенин баса белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырган. Бүгүн ошол сөздүн иш жүзүндө аткарылып жаткандыгына күбө болуп турабыз. Талас шаарында тарыхта биринчи жолу 9 кабаттуу турак үйлөр курулууда. Бул үйлөргө лифттер орнотулат, батирлердин саны 405 болот. Бир бөлмөлүү, эки бөлмөлүү жана үч бөлмөлүү батирлерден тышкары унаа токтотуучу жайлар да каралган. Бул долбоор таластыктар үчүн жаңы деңгээлдеги жашоо шартын түзөт", - деп билдирди Туманбаев.
Мындан тышкары Алымкулов көчөсүндө салынып жаткан 319 батирден турган турак үйлөрдү 2026-жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берүү пландалууда.
Туманбаев Таласта алгачкы жолу 9 кабаттуу үйлөр курулуп жатканын билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:34
2025-10-08
Рейтинг:
0

