super.kg logo

Израил аскерлери Газага бара жаткан дагы 150 ыктыярчынын жолун тороду

 

Израилдин Тышкы иштер министрлиги Газага бара жаткан 150 чакты активист Ашдод портуна жеткирилгенин жана жакында депортацияланарын билдирди.

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, активисттердин арасында дарыгерлер, саясатчылар жана журналисттер бар.

Флотилияны уюштургандар бул аракет тынч мүнөздө болгонун, ал эми Израил армиясынын кийлигишүүсү мыйзамсыз экенин айтышууда.

Кармалган кемелерде 110 миң долларлык гуманитардык жардам – дары-дармек, респираторлор жана азык-түлүк болгон.

"Эркиндик флотилиясы" тарабынан уюштурулган бул тогуз кемеден турган топ Италиядан чыккан. Катышуучулардын ичинде 27 француз жараны бар.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Израил дагы 42 кемени токтотуп, 450дөн ашык адамды, анын ичинде Грета Тунбергди да депортациялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: