Кыргызстандык жаш лидерлер Москвада "Узнай Россию" эл аралык программасына катышты














Ушул жылдын 2–6-октябрында Орусиянын Москва шаарында «Узнай Россию» аттуу эл аралык программасы болуп өттү. Бул иш-чара Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы маданий диалогду, гуманитардык кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.
Аталган программага Кыргызстандан жаштар уюмдарынын жетекчилери, өкүлдөрү жана жаш лидерлер катышты Алар тематикалык сессияларга, дискуссияларга, маданий иш-чараларга күбө болушуп, жаштар уюмдарынын мекемелеринде болгон расмий жолугушууларда активдүү катышышты.
Программа жаш лидерлерге Орусиянын жаштар саясаты жаатындагы тажрыйбасы менен таанышууга, кесиптик байланыштарды түзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Программа алкагында Орусиянын “Добро.РФ” платформасынын кеңсеси менен кызматташтыкты түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасындагы ыктыярчылар үчүн электрондук ыктыярчы китепчеси сыяктуу тажрыйбаларды алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле, Орусиянын студенттик кыймылы тууралуу маалымат алынып, бул кыймылдын тарыхы, максаттары жана жаштардын социалдык активдүүлүгүн арттыруудагы ролу өзгөчө кызыгууну жаратты. Тараптар кызматташууга кызыкдар экенин билдиришип, алдыда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин белгилешти.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» кеңешинин төрайымы Алена Аршинова менен жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Бакай Кожомкул уулу жолугуп жаштар саясаты багытында пикир алмашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.