Таза шаар — бул таза экология. BAKAI «Тазалык» менен бирге











7-октябрда BAKAI Банкы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине борбор шаарыбызды тазалоону дагы да натыйжалуу жана ыңгайлуу кылуу үчүн заманбап техникаларды тапшырды.
Ишкананын балансына таштандыны ташып чыгууда кыйынчылык туудурган жерлерге ылайыкталган төрт жаңы «Муравей» электр жүк мотороллери өткөрүлүп берилди. Алардын көлөмү чакан болгондуктан, жөө адамдарга жана жолдогу унааларга тоскоолдук жаратпастан, тротуарларда иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Мотороллерлер айдоочу үчүн жабык кабина менен жабдылган, ошондуктан аларды жаан-чачындуу аба ырайында да айдап жүрүүгө болот. Ар бир «Муравей» 1,5 тоннага чейин таштанды ташый алат.
Мындан тышкары, банк үч дөңгөлөктүү, көп функциялуу тазалоочу машинадан экини тапшырды. Алар Бишкектин тротуарларын тазалап, көчөлөрдүн тазалыгын камсыз кылат.
Ошондой эле BAKAI мыйзамсыз таштанды таштоолор көп катталган аймактарга орнотулчу 21 даана видеокөзөмөл жүргүзүүчү камераларды өткөрүп берди. Бул камералардын жардамы менен Муниципалдык инспекция эрежени бузгандарды аныктап, тиешелүү чараларды көрө алат.
«Тазалыктын» кызматкерлеринин ыңгайлуулугу жана мобилдүүлүгү үчүн банк эки электр мопедди жана бир электр самокатты да белекке берди. Бул экологиялык таза транспорт түрлөрү тыгын жаратпайт жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев банктын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди:
«Силер биз менен үч жылдан бери үзүрлүү иштешип келе жаткан алгачкы банк болуп саналасыздар. BAKAI 100 адамга ылайыкталган абоненттик кызматтын имаратын курууга жардам берип, атайын техника, формалар жана башка керектүү жабдуулар менен да камсыздап келген. Мэриянын жана “Тазалыктын” атынан туруктуу колдооңор үчүн терең ыраазычылык билдирем».
BAKAI Башкармалыгынын төрайымы Умут Абакирова «Тазалык» менен кызматташууну жөн гана жардам эмес, миссия катары баалады:
«Биз өз шаарыбыздын тазалыгына жана ыңгайлуулугуна салым кошуп жатканыбыз менен сыймыктанабыз. Бул жылы BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча өзүнүн биринчи каржылык эмес отчетун жарыялап, эл аралык SNP агенттигинин рейтинги боюнча биринчи упайды алды. Бул биздин банк жөн гана каржылык уюм эмес, социалдык жоопкерчиликтүү мекеме экенин да далилдейт»,— деди ал.
