BAKAI менен БаПБ Элкарт+ жаңы картасын ишке киргизди
Bakai Bank Банк аралык процессинг борбору (БаПБ) менен биргеликте жаңы продукту – Элкарт+ карталары ишке киргизилгенин жарыялады. Аталган карта улуттук төлөм системасынын артыкчылыктарын жана эл аралык деңгээлдеги заманбап сервистерди камтыйт.
Элкарт+ — накталай эмес төлөмдөрдү мурдагыдан да ыңгайлуу, коопсуз жана пайдалуу кылган, жаңыланган улуттук карта. Бул карта технология, ыңгайлуулук жана бардык артыкчылыктуу чечимдер бир жерде болгонду баалаган кардарлар үчүн түзүлгөн.
Картанын негизги мүмкүнчүлүктөрү жана бонустары:
- накталай эмес сатып алуулар үчүн кэшбэк жана бонустук программалар;
- Яндекс+ка 60 күнгө акысыз катталуу. Колдонуучулар арасында 6 жана 12 айга кошумча катталууларга утуш оюндар өткөрүлөт.
- “Манас” аэропортунун бизнес залына атайын баа боюнча – 1300 сомго кирсе болот. Ага кирүүнүн санына чектөө коюлган эмес.
- “Манас” аэропортунда жүктү таңгактоо – болгону 400 сом, жылына колдонуу боюнча санына чектөө жок.
- Ички жана эл аралык төлөмдөрдү* Элкарт+ системасы аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.
Яндекс Плюска катталуу Элкарт+ картасынын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү. Бирок аны активдештирүү Элкарт Мобайл тиркемеси аркылуу гана ишке ашырылат.
Элкарт+ту ишке киргизүү BAKAI менен БаПБнын Кыргызстандагы улуттук төлөм системасын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык кызматташтыгынын жыйынтыгы болду.
Элкарт+ картасын BAKAI’дын бардык бөлүмдөрүнөн же BakAi мобилдик тиркемесинде онлайн тариздөөгө болот. Карта чыгарылгандан кийин кардарлар дароо Яндекс Плюска катталууга жетки алышат, анда бонустук сунуштар жана өнөктөштөрдүн акциялары бар.
Акциялардын мөөнөттөрү: 2025-жылдын 1-октябрынан 31-декабрга чейин
*Эл аралык төлөмдөр деп чет өлкөлөрдө жана андагы онлайн-аянтчаларда эл аралык төлөм сервистери бар “МПЦ” ЖАКтын картасынын интеграцияларынын жардамында жеткиликтүү болгон транзакциялар түшүндүрүлөт. Бул кардарларга чет мамлекеттерде жүрүп деле сатып алуулар менен кызматтарга өлкө ичиндегидей эле оңой төлөгөнгө мүмкүнчүлүк берет.
