Ак-Ордо-3төгү кандуу окуя. Орунбеков маркумдун жубайы шектүүнү тааныганын билдирди
Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамды өлтүрүп кармалган шектүүнү бычакталган эркек кишинин жубайы тааныганын президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Бычакталган маркумдун жубайы кылмышкерди көрүп, таанып, ошол адам экенин тастыктады. ИИМ азыр маалымат берет", - деп кабарлады Орунбеков.
Эске салсак, бүгүн, 8-октябрда шектүү тууралуу айтылган пикирлерге президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берген. Ага чейин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.
Super.kg порталы окуя болгон жерге барып, маркумдардын кошуналары менен сүйлөшүп келди.



