"Курсагымда дагы бир кыргыз чоңоюп жатат". Блогер Айтурган жагымдуу жаңылыгы менен бөлүштү
Блогер Айтурган Замирбек кызы Инстаграм баракчасынан жашоодогу жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшүп, боюнда бар экенин жарыялады.
"Секелек кезимде "эч качан чет элдик жигит менен турмуш курбайм. Бир гана кыргыздын урпагын улайм!” деген атуулдук сезимим күч эле. Кудайым ошол кичинекей кыздын тилегин кулагынын сыртында калтырбаптыр. Курсагымда дагы бир кыргыз чоңоюп жатат. Сүйүнүчтүн көз жашы куюлуп, экранга тамып, араң жазып жатам", - деп билдирди блогер айым.
Айтурган Илияс Чыңгызбек уулу аттуу спортчу балага турмушка чыканына 6 жыл болду. Түгөйлөр айылдагы кызыктуу жашоонун сүртүмүн тартуулаган блогдору менен эл оозуна алынган. Учурда алар жеке ишкерлер.
Блогер айым жакында эле боюнда болбой жатканы үчүн көптөгөн адамдардан жаман сөздөрдү угуп келгенин билдирген болчу.
Блогер Айтурган жагымдуу жаңылыгы менен бөлүштү



