super.kg logo

Орусиядан 4,5 миңге жакын кооптуу инфекциясы бар чет элдик жаран чыгарылды

 

2025-жылдын тогуз айында Орусияда кооптуу жугуштуу ооруларга чалдыккан 4500гө жакын чет элдик жаран аныкталып, өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрдагы басма сөз жыйынында Москва шаары боюнча ИИМдин миграция маселелери башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Игорь Дудник билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, бул адамдар уруксат берүүчү документтерди алуу учурунда текшерүүдөн өтүп, коомдук кооптуу инфекциялар табылган.

Ошондой эле ал кошумчалагандай:

  • 1 600дөн ашык чет элдик жаран баңги зат колдонгон белгилери менен кармалып, депортацияланган;
  • 150дөн ашуун мигрант өзүнүн жеке маалыматтарын өзгөрткөндөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен;
  • 240ка жакын мигрант эл аралык издөөдө жүргөн.

Айта кетсек, 5-февралынан тарта Орусияда мыйзамсыз мигранттар боюнча ачык реестр иштеп жатат. Ал маалымат базасы иш берүүчүлөргө, жарандарга жана мамлекеттик органдарга жеткиликтүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: