super.kg logo

Ак-Ордодогу 2 адамдын өлүмүнө шектүү кылмыштын себебин айтты (видео)

 

Бишкектеги эки адамды өлтүргөн шектүү көрсөтмө берди. Бул тууралуу ИИМ маалымат берип, видео жарыялады.

Анда шектүү акча үчүн кылмышка барганын билдирип, бычакты Орто-Сай базарынан сатып алганын кошумчалады. Ал алгач үйдүн кожоюнуна бычак сайып, андан соң, эжесине кол салганын билдирди.

"3-октябрда Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жасалган эки адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, Бишкек ШИИББинине тергөө кызматы кармалган жаран 2006-жылы туулган И.С.нын катышуусу менен кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүздү. Бул тергөө амалдарын жүргүзүү шектүүнүн көрсөтмөлөрүн тактоого жана иш боюнча далилдерди бекитүүгө мүмкүндүк берди", - деп билдирди ИИМ.

Жазык-процесстик кодексинин 215-беренесинин (Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү) негизинде шектүү окуя болгон жерге жеткирилип, ал жерде өзүнүн аракеттерин айтып жана кайталаган.

Андан ары, И.С. үйгө кандай жол менен киргендигин, ошондой эле жабырлануучуга кандай жол менен сокку урганын жеринде кеңири айтып берди.

Тергөө уланууда.






Ак-Ордодогу 2 адамдын өлүмүнө шектүү кылмыштын себебин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.10.2025. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себеби эмне ошондо? Ой келди жаза бербегиле макала
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: