"Кыргыз футболу дүйнөлүк деңгээлге чыгат". Ташиев Сокулуктагы спорт комплексин ачты (видео)






Бүгүн, 8-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы жаңы спорт комплексинин ачылышы болду. Бул тууралу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Иш-чарада КФБ президенти Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып, футбол боюнча кыргыз курамасы дүйнөлүк аренага чыгарына ишеним артканын билдирди.
"Мен ишенем, биздин кыргыз футболу дүйнөлүк деңгээлге чыгат. Себеби биздин кыргыз эли даңтуу, тарыхтуу, барктуу элдерден. Жаштарыбыз жигердүү, акылдуу, балбан, күчтүү. Андыктан мен ишенем. Кыргыз футболу (ред.: курама) дүйнөлүк чемпиондуктарга сөзсүз катышат", - деди Ташиев.
Ачылуу аземи кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен коштолуп, Улуттук Лигасынын Кубогу үчүн финалдык "Семетей" (Кызыл-Кыя) - "Легенда" (Көк-Жаңгак) беттеши менен уланды.
Маалымат үчүн: Спорт комплекстин аймагындагы мурунку стадион 1962-жылы курулуп, 2024-жылы реконструкцияга берилген. Ленин көчөсүндө орун алган спорт комплекстин жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Заманбап талаптарга жооп берген стадиондун трибуналары 2200 көрүүчүгө ылайыкталган.
Ташиев Сокулуктагы спорт комплекстин ачылышына катышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:58
2025-10-06
11:19
2025-10-05
9:01
2025-10-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.