super.kg logo

Садыр Жапаров "Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты

 

Кечээ, 8-октябрда президенти Садыр Жапаров "Манас" эл аралык аэропортундагы реконструкциялоо жана кеңейтүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдирди.

Маалымдагандай, мамлекет башчысына "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов аба майданды реконструкциялоо пландары менен тааныштырган. Президент ошондой эле 2023-жылдан бери сатылып алынган жаңы атайын техникасы менен таанышып чыккан.

Андан соң Садыр Жапаровго учуп-конуу тилкесиндеги бүтүрүлгөн оңдоо иштери көрсөтүлүп, президент авиация кызматкерлери менен жолугушкан.

"Дал ушул жерде, аэропортто Кыргызстанга келген ар бир меймандын өлкөбүз тууралуу алгачкы пикири дал ушул жерден калыптанат",- деди Жапаров.

Ал Кыргызстанды чөлкөмдүк авиациялык борборго айлантуу максатын ишке ашыруу аркылуу Борбор Азиядагы эң өнүккөн, атаандаштыкка жөндөмдүү инновациялык тармактарынын бири болоруна бекем ишенимин билдирген.

Президент ошондой эле Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы эң ири авиациялык долбоорлордун бири болгон “Жалал-Абад” эл аралык аэропорту боюнча иштер башталганын белгилеген. Жаңы аэропорттун жанынан өтө турган “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу жана айдын соңунда ачыла турган “Кашгар” аба коридору өлкөбүздүн транзиттик жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кескин кеңейтет. Ал бул долбоорлор Кыргызстанды Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук борборлордун бири болуп, өлкөбүз үчүн жаңы экономикалык, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айткан.

"Учурда “Манас” эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин жана рулеждик жолдорду жаңылоо, жарык берүүчү жана аэродром жабдууларын жаңыртуу, аэробекет комплексин кеңейтүү сыяктуу масштабдуу иштер жүрүп жатат. Бул иштер аяктагандан кийин аэропорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эң жогорку III категориясынын талаптарына жооп берет жана Кыргызстандын авиациялык мүмкүнчүлүктөрүн сапаттык жаңы деңгээлге чыгарат. “Манас” аэропорту жакынкы келечекте Борбор Азиядагы эң заманбап авиациялык хабдардын бирине айланат",- деп айтылат маалыматта.






Садыр Жапаров "Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: