super.kg logo

Түркияда кармалган атактуулар коё берилди

 

Түркиянын Стамбул шаардык прокуратурасы тарабынан баңгизат жайылтууга шектелип кармалган 19 атактуу адам бошотулду. Бул тууралуу Haber Global телеканалы маалымдады.

Алар алгач кармалганда сурак беришкен. Андан соң кандын анализин алуу үчүн соттук-медициналык мекемеге жөнөтүлүшкөн. Бардык камактагылар керектүү процедуралардан кийин бошотулушту.

Стамбул прокуратурасы Түркияда баңгизат боюнча айыпталган атактууларга карата башталган тергөөгө байланыштуу жашыруун сырды сактоо буйругун чыгарган. Андай чечим чыкканын тергөөнүн алкагында көрсөтмөлөрү жана кан үлгүлөрү алынган жубайлар Дилан менен Энгин Полатты коргогон адвокат Севинч Ораз билдирген. Анын айтымында, Полаттардын каны таза болуп чыккан.

Буга чейин Түркияда 21 атактуу адам кармалганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: