Катар: Газада ок атышууну токтотуунун биринчи этабы боюнча келишим түзүлдү
Катардын Тышкы иштер министрлиги Газада согушту токтотуунун жана гуманитардык жардам киргизүүнүн биринчи этабы боюнча келишимге жетишилгенин билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Мажид аль-Ансари X социалдык тармагындагы баракчасында кабарлады.
"Бул түнү ортомчулар Газада ок атышууну токтотуу келишиминин биринчи этабынын бардык жоболору жана ишке ашыруу механизмдери боюнча макулдашууга жетишилгенин жарыялады. Бул согуштун аякташына, израилдик туткундардын жана палестиналык камактагылардын бошотулушуна жана жардамдын киришине шарт түзөт",- деп жазды ал.
Маалыматка ылайык, макулдашуу ХАМАС менен Израил делегацияларынын Египеттеги сүйлөшүүлөрүндө кабыл алынган.
Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул келишимге байланыштуу "Кудайдын жардамы менен бардык туткундарды кайтарып алабыз" деп билдирди.
Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп да Израил менен ХАМАС ок атышууну токтотуу планынын биринчи этабын бекиткенин маалымдаган.

