super.kg logo

Жаз-жай 2026: Париждеги мода жумалыгы кандай өттү? (фото)

 

Кечээ расмий түрдө 26-сентябрдан 7-октябрга чейин Парижде өткөн Жаз-жай-2026 (SS'26) мода жумалыгы жыйынтыкталды. Аны менен бирге бүтүндөй fashion month дагы аяктады. Эми бренддердин командалары, инфлюенсерлер жана фотографтар бул мода жумалыгынын жыйынтыгын чыгара алышат. Төмөндө белгилүү бренддердин коллекциялары тууралуу баяндайбыз.

Christopher Esber

Christopher Esber коллекциясы көрүүчүлөрдү тропикалык аралдын жээгине алып баргандай эле болду. Айрым кийимдердин жасалгасы бамбуктан жасалып, деңиз жылдыздары менен кооздолгон. Мындай эстетика шаардык чөйрө менен утилитардык силуэттердин жардамы менен мыкты айкалышкан.

Материалдардын ар түрдүүлүгүнө карабастан, коллекцияны күнүмдүк турмушка оңой ылайыкташтыруу мүмкүн. Анда жеңилдик, табият жана курорттук стилдин эффекттери орун алган. Жеңил түстөрдүн палитрасы сизди сапарга чакыргандай эле сезилет.

Pierre Cardin

Pierre Cardin бренди келечектин башкы бренди болууга аракетин токтотпой келет. Бирок көпчүлүк учурда комбинезонго негизделген линиясы көбүрөөк фантастикалык фильмдеги образдарды эске салат. Анткени марканын сунуштаган креативдүү чечимдерин башкача түшүндүрүү кыйын.

Пальтолор, жасалма юбкалар, желек сымал жеңдер жана плиссирленген бюстьелерди ыңгайлуу деп айтуу кыйын. Кийимдер 70-жылдардын эстетикасындагы театрдык сахналаштырууну эске салат. Бирок бул кийимдерге болгон кызыгууну арттырып, Pierre Cardin сунуштаган мода абдан оригиналдуу жана өзгөчө көрүнөт.

Meryll Rogge

2026-жылдагы Париждеги жаз-жайкы мода жумалыгында эклектиканы башка көз караштан карап көрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Муну бизге Meryll Rogge мыкты көрсөтүп берет.

Сүрөтү түшүрүлгөн чокерлер, комбинезонго айланган кыска шымдар, өтө кыска юбкалар жана мех көйнөктөр - булар өзүңүздүн стилиңизге киргизе турган нерсенин жарымы гана.

Айта кетсек, марканын негиздөөчүсү Мерилл Рогге жакында Marni брендинин жаңы креативдик директору болуп дайындалды. Италиялык мода үйүнүн көрөгөч дизайнерди тандаганы таң калычтуу эмес. Эми бул эки бренддин окшоштугу бара-бара ачык байкала баштайт. Дизайнердин жаңы кызматындагы дебютун кийинки сезондо көрүүгө болот.

Париждеги SS'26 мода жумалыгында Жонатан Андерсондун Dior жана Матье Блазинин Chanel үчүн жасаган коллекциялары да көпчүлүктү тан калтырды.

Сынчылар дизайнерлердин дебютун жаңы доордун башталышы катары айтып жатышат. Жонатан жаңы аялдар коллекциясын мурдагы эркектер коллекциясы менен чебердик менен байланыштырып, эки учурда тең Dior Үйүнө (жана өзү үчүн да) мүнөздүү болгон романтизм менен конструктивизмди айкалыштырганга аракет кылган. Матье Блазинин Chanel үйү үчүн жасаган коллекциясы болсо адаттагыдан жеңилирээк абалда көрүндү. Бренддин өзгөчө твид стили сакталып калган, бирок жарык түстөрдүн аркасында мурдагыдай сезилбей калган.

Miu Miu

Башка дизайнерлер форма, фактура жана түстөр менен жаңы нерсе жаратып жатышса, Miu Miu маани-маңыз менен иш алып барууда. Париждеги 2026-жылдагы жаз-жай мода жумалыгында бул бренддин шоусунун борбордук темасы фартук болду. Бул гардероб буюму коллекцияда аял эмгегинин метафорасы катары колдонулду. Фартук бул жерде жөн гана кийимдин декоративдүү бөлүгү катары эмес, үйдө да, жумушта да коргоонун символу катары көрсөтүлдү. Ошондуктан коллекциядагы маанай да ар түрдүү.

Бул эскирген кийим формасы коллекцияда түрдүү фактурадагы шымдар жана юбкалар менен, свитерлер жана көйнөктөр менен айкалыштырылып ар кандайча стилизацияланып берилди.

Миучча Прада өз маектеринин биринде белгилегендей:

"Miu Miu — бул эксперименттерге аянтча, “эркин аймак”, бул жерде шарттуулуктарды бузууга, Pradага караганда көбүрөөк провокация кылууга же ирония менен ойноого болот. Кийим, таң калычтуу болсо да, маңызга ээ болушу керек».

Дүйнөлүк жылдыздарынан аталган иш-чарага Кардашьян–Женнер үй-бүлөсү, Николь Кидман, Лорен Санчес, Пэрис Хилтон, Энн Хэтэуэй, Жоржина Родригес жана башкалар катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: