super.kg logo

Төрөлгөн балдарга убадаланган акча. Эгиз балдарга кандай берилет?

 

Тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактагы энеге берилчү "Бала береке" жөлөк пулу эгиз балдарга өзүнчө берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Максат Туларбек кызы "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Ал аталган жөлөк пул төртүнчү баладан баштап берилерин эске салып, эгер 3 баласы бар эне эгиз балдарды жарык дүйнөгө алып келсе, анда төртүнчү жана бешинчи болуп эсептелинерин айтты.

"Кимиси биринчи болуп жарык дүйнөгө келсе, ага төртүнчү балага берилчү 100 миң сом, ал эми кийинкисине бешиинчи балага убадаланган 600 миң сом берилет. 3 эм болсо, ал да ушул сыяктуу төлөнөт" - деди ал.

Туларбек кызы аталган төлөмдөр бала 1 жашка чыкканда берилерин белгилеп, эгер эне каза болуп калса, анда балага депозит ачылып, кийин 18 жашка толгондо өзүнө берилерин тактады.

Эске салсак, "Бала береке" төлөмү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр 23-декабрда кол койгон. Жарлык 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: