Медициналык академиянын окутуучусу студенттерден акча алып жатканда кармалды








Иса Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 38 жаштагы окутуучусу окуу жайдын студенттеринен 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 8-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Ири өлчөмдө опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда айтылган сумма менен колго түшкөн. Кармоо учурунда усулканада 23 жаштагы студент болгон. Аны тинтүүдө жанынан 100 миң сом табылган. Ал алдын ала суракта акчалар өзү окуган окуу тайпадагы студенттерден чогултулганын, алдыдагы кышкы сессия мезгилиндеги экзамендерди оң жагына тапшыруунун кепилдигин камсыз кылуу максатында акчаны окутуучуга берүүнү көздөгөнүн айткан.
УКМК шектүүнү кармаар алдында анын кызматтык абалынан пайдаланып, студенттерден экзамендердин оң жыйынтыгы үчүн акча талап кылып, эгер бербесе зачётторду тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, экзаменден алган упайларын төмөндөтүп келгени аныктаган. Натыйжада кармалган окутуучу УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучусу студенттерден акча алып жатканда кармалды


