super.kg logo

Франция парламенти Макронго импичмент жарыялоо демилгесин четке какты

 

Франциянын Улуттук жыйынынын бюросу (парламенттин төмөнкү палатасы) президент Эммануэль Макронго импичмент жарыялоо боюнча солчул "Жеңилбеген Франция" партиясынын демилгесин четке какты. Бул тууралуу Le Figaro гезити жазып чыкты.

Демилгени 577 депутаттын ичинен 104ү колдоп чыгышкан. Бирок бюро бул маселени кароого негиз жок деп тапты. Франциянын Конституциясынын 68-беренесине ылайык, импичмент жараянын баштоо үчүн 58 депутаттын колу жетиштүү болот.

"Жеңилбеген Франция" буга чейин да ушундай сунуш киргизген, бирок ал дагы кабыл алынган эмес. Бул жолу да импичмент демилгесин добушка коюуга солчул "Жаңы Элдик Фронт" коалициясы жана оңчул "Улуттук биримдик" партиясынан башка бардык фракциялар каршы чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: