Урсула фон дер Ляйен: "Орусия Евробиримдикке каршы гибриддик согуш жүргүзүүдө"
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен кечээ, 8-октябрда Страсбургдагы Европарламентте билдиргендей, Орусия Европа менен гибриддик согуш жүргүзүп жатат. Ага каршы чаралар кадимки коргонуу чегинен чыгып, союздун туруктуулугун жана Украинага колдоону коргоого багытталуусу керек.
Фон дер Ляйен Орусиянын дрондор менен чабуулдары, аба мейкиндигин бузушу, деңиз кабелдерине кол салуусу, аэропорттор жана логистикалык борборлорго киберчабуулдары, ошондой эле шайлоолорго таасир эткен аракеттери тууралуу эскертти.
Акыркы айларда Орусиянын дрондору Европа өлкөлөрүнүн аба мейкиндигине бир нече жолу кирген. Эң белгилүүсү - 10-сентябрда Польшада 19 дрон аныкталып, алардын айрымдары аткылаган. Кийинчерээк дрондор Румыниянын чек арасынан өтүп, Польшада турак үйгө ракета тийген. Данияда да белгисиз дрондор аэропорттордун аймагында учуп, Копенгаген аэропорту 22-сентябрда жабылган.
Фон дер Ляйен Евробиримдикке коргонуу кубатын тездетүүнү сунуштады. Ал жакынкы күндөрү 2030-жылга чейин абадан коргонуу, артиллерия жана киберкоопсуздук сыяктуу 9 негизги багытта потенциалды күчөтүүгө багытталган аракеттер планын сунуштоону убада кылды.

