super.kg logo

Израил ХАМАС менен тынчтык келишими жарыяланган соң Газага сокку урду

 

Израил ХАМАС менен тынчтык макулдашуулары жарыяланган соң Газа тилкесине сокку урду. Бул тууралуу анклавдагы жарандык коргонуу кызматына шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, түн ичинде ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу жарыялангандан кийин бир нече жарылуу тууралуу билдирүүлөр түшкөн. Газа шаары интенсивдүү аба соккуларына кабылганы белгиленди.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен ХАМАСтын тынчтык планынын биринчи баскычы боюнча макулдашууга кол койгонун жарыялаган.

Анын айтымында, бул бардык туткундардын жакын арада бошотулушун жана Израил аскерлеринин макулдашылган чекке чейин артка чегинишин билдирет.

Ошондой эле, Трамп Жакынкы Чыгышка пландалган сапарынын алкагында Газа тилкесине да барышы мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес.

Эске салсак, Катардын Тышкы иштер министрлиги Газада согушту токтотуунун жана гуманитардык жардам киргизүүнүн биринчи этабы боюнча келишимге жетишилгенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: