super.kg logo

Астанада дарыгер бейтаптарды алдаганы үчүн соттолду

 

Астанада клиникалардын биринде иштеген дарыгер алты бейтапка майыптык алууга жардам берем деп убада берип, алардын 4 миллион теңгеден (орточо 72 миң сом) ашык акчасын жеке муктаждыктарына короткону үчүн соттолду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, дарыгер мындай кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү уруксатка ээ болгон эмес.

Прокуратура тарабынан берилген далилдердин негизинде дарыгердин күнөөсү толугу менен далилденди. Сот аны алдамчылыкка күнөөлүү деп таап, жасалган кылмыштардын жыйындысын эске алуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындады. Жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыян толугу менен өндүрүлдү. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: