super.kg logo

Буэнос-Айресте Аргентинанын президенти өзүнүн рейтингин көтөрүү үчүн концерт койду (видео)

 

Аргентинанын президенти Хавьер Милей "Көркөм кылуу" аттуу китебинин бет ачарын уюштуруп, рок-концерт өткөрдү. Бул концерт Буэнос-Айрестеги стадиондо өтүп, ага 15 миңдей адам чогулду. Өлкөдө болуп жаткан нааразычылык акциялары жана саясий чыңалуу учурунда президенттин концерт койгону коомчулукта чоң талкуу жаратып, бул Милейдин өз рейтингин көтөрүү аракети катары бааланууда.

Президент белгилүү ырларды өз алдынча ырдаган. Концерт учурунда экрандарда АКШ президенти Дональд Трампка, консервативдүү блогер Чарли Киркке жана Бразилиянын мурдагы президенти Жаир Болсонаруга жасалган кол салуулар тууралуу кадрлар көрсөтүлгөн.

Концертте барабанда депутат Берни Бенегас Линч, гитарада анын иниси Факундо Бенегас Линч ойносо, бас гитарада президенттин биографы, ал эми кошумча үн менен депутат Лилия Лемонине чыгышкан.

Ырлардан кийин Милей кийимин алмаштырып, китебинин презентациясын жасаган. El Pais басылмасы бул иш-чараны "шайлоо алдындагы митингдин" бир түрү деп сыпаттайт.

Оппозиция өкүлдөрү жана активисттер бул кадамды "элдин көйгөйлөрүн шылдыңдоого тете" деп сындашкан. Бирок президент Милей бул концертти "мамлекеттик маанай көтөрүү үчүн" уюштурганын билдирген.

Хавьер Милей өлкөнү болжол менен эки жыл мурун жетектей баштаган. Ал өлкө экономикасын куткарууга, инфляцияны жок кылууга, кескин реформаларды жүргүзүүгө жана өзүн "каста" деп атаган алдамчы элиталарга каршы күрөшүүгө убада берген.

Башында анын экономикалык саясаты натыйжасын берген: үч орундуу инфляция төмөндөй баштап, эл аралык экономисттер менен саясатчылардын, анын ичинде АКШ президенти Дональд Трамптын колдоосуна ээ болгон.

Бирок акыркы апталарда өлкөнүн улуттук валютасы кескин түшүп, натыйжада өкмөт валютанын чыгышын токтотуу үчүн чектелген эл аралык резервдерин колдонууга аргасыз болгон.

Аргентинадагы кризис өтө олуттуу болуп кеткендиктен, өткөн айда Трамп Милейге 20 миллиард долларга чейин шашылыш финансылык жардам көрсөткөн. Учурда Милейге калктын ишеними азайган. Сентябрда өткөн аймактык шайлоодо анын La Libertad Avanza партиясы жеңилип калды.






Аргентинанын президенти концерт койду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: