Манас шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен 15 жаштагы кыз кармалды
Манас шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшигинин алдына таштап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 8-октябрда саат 14:40 чамасында Манас ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Манас шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшигинин алдына жаңы төрөлгөн наристени таштап кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.
Аталган факт Манас ШИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, табылган ымыркай Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө өткөрүлүп берилген.
Мекемеден билдиришкендей, ошол эле күнү саат 17:00 чамасында кылмышка шектүү кармалган. Ал 15 жаштагы өспүрүм экени айтылды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кошумча маалымат кийинчерээк бериле турганы маалымдалды.


