super.kg logo

Трамп Израилдин парламентинде сөз сүйлөөнү пландап жатканы айтылды

 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трампка Кнессетте (Израил парламенти) сөз сүйлөөнү сунуштаган. Дональд Трамп бул сунушту кабыл алган.

АКШ президенти Axios басылмасына берген маегинде: "Болушу мүмкүн, жакынкы күндөрү Израилге барам. Эгер алар кааласа, мен сөзсүз түрдө Кнессетте сүйлөйм",- деп билдирген.

Анын сапарынын так даталары азырынча белгисиз.

Бүгүн Дональд Трамп билдиргендей, Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылы Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салуу боюнча келишимдин биринчи этабына кол коюшкан. Анын айтымында, израилдик туткундар 13-октябрда кайтарылат.

Бирок бүгүн Израил ХАМАС менен тынчтык макулдашуулары жарыяланган соң Газа тилкесине кайрадан сокку урганын чет элдик басылмалар жазышууда.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: