Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн сиам эгиздерин бөлүү операциясы ийгиликтүү жасалды
Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн сиам эгиздерин бөлүү операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, операция Чирчик шаарында, Ташкент облусундагы Республикалык энелер жана балдардын ден соолугу боюнча адистештирилген илимий-практикалык медициналык борбордун филиалында өткөрүлгөн.
Сиам эгиздери төрөттөн мурун, 33-34 жумалыгында кесарево жолу менен төрөлүп, дароо хирургдардын карамагына жеткирилген. Бөлүү операциясы төрөлгөндөн кийин 9 сааттын ичинде жасалган. Дарыгерлер операцияны 5 саат бою жүргүзүшкөн.
Эки баланын абалы операциядан кийин туруктуу деп бааланды. Калыбына келүү учурунда алар 24 сааттык көзөмөлдө болуп, интенсивдүү терапия жана колдоо алышкан. Эгиздер учурда үйүнө чыгарылганы айтылды.

