"Министр өзү баш болуп..." Садыр Жапаров Ак-Ордодогу кандуу окуя боюнча билдирүү жасады
Өлкө башчы Садыр Жапаров Ак-Ордо-3 конушунда болгон кандуу окуя боюнча билдирүү жасап, эки бир тууганды өлтүрүүгө шектелип кармалганды башка адам деп күмөн санагандарга жооп берди.
"Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине кечээ дагы бир жолу ынандым. Кечээги эки бир тууганды өлтүргөн баланын түн ичинде видеобайкоого түшүп калган сүрөтүн чыгарып койсо, "бул бала бир топ жашка келип калган бала экен, экөө эки башка бала, карапайым байкуш баланы моюнуна алдыртып жатат" деген сыяктуу кандай гана сөздөрдү социалдык түйүндөрдөн жазып чыгышты. Баары эле эксперт болуп кетишти.
Бул окуя 3-октябрь түнү болуптур. Жарым сааттын ичинде министр өзү баш болуп опертоп менен жетип барган. Дароо “Коопсуз шаардын” жардамы менен кылмышкерди аныктаган. Бирок бул бала ким экенин дароо тааныбай, элге кайрылуу кылышкан, “Ким тааныса кабарлап коюңуздар, сый акы болот” деп. Эртеби-кечпи ким экени баары бир табылат эле.
Себеби Бишкек шаарына көзөмөл камералар орнотулган. Азыр жаңы конуштарга, жакында эле шаарга кошулган айылдарга чейин көзөмөл камераларды орнотуулар жүрүп жатат. Бишкек шаарында кылмыш кылып, анан кармалбай калам деп ойлобосун, кылмышкерлер! “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында Баткенден баштап Талас, Нарын шаарларына, базар, соода түйүндөрү, жолдорго чейин видеокамералар орнотулуп жатат. Бара-бара өлкө боюнча онлайн режимде карап олтурууга мүмкүн болот.
Кечээ жакында Айсулууну мыкаачылык менен өлтүргөн зөөкүрдү да “Коопсуз өлкөнүн” камералары аркылуу кармадык. Бишкекте “Коопсуз шаардын” жардамы менен кылмышкерлерди 15-20 мүнөттө кармап алган учурлар бар. Булардын баарын майдалап айтып олтурбайын, менин айтайын дегеним төмөнкүчө.
Ооба, милиция кызматкерлерине ишеним начар. Себеби илгертен бери ишеничтен кеткен учурлары болгон. Эптеп кылмыштын бетин ачыш үчүн күнөөсүз эле бирөөлөрдү кармап келип, моюнуна алдырып, “ишти ачтык” деп койгон учурлар кездешчү. Азыр андай эмес. Милиция жакшы иштеп жатат. Болгону, мурдатан калган ишенбөөчүлүк бар, элде.
Милицияларга бардык шарттарды түзүп бердик. Техникалык каражаттары жетиштүү. Керек болсо милициялардын өздөрүн кайда, кантип иштеп жүрүшкөнүн башкы штабда онлайн көзөмөлдөп турушат. Кээ бир жарандарыбыз "ИИМ элге тез-тез маалымат берип турса болмок, минтип ызылдабайт элек” деп чыгышты. ИИМ мындай учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тез-тез маалымат бербейт. Качан гана толук изилдеп бүткөндөн кийин бериши мүмкүн.
Ошондуктан мындай чуулгандуу иштерде баарыбыз эксперт болуп кетпей, сабырдуулук менен күтүшүбүз керек.
Мындан тышкары, медиа сабаттуулукту сакташ ар бирибизге тиешелүү",- деп жазды мамлекет башчысы Facebook баракчасына.
Белгилей кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта үрөй учурган окуя катталып, эки бир тууганды бычактап кетендиги боюнча маалымат тараган. Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгондугу маалымдалган. Каргашалуу окуя болгон жерден каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
ИИМ шектүүнүн сүрөтүн чыгарып, ал тууралуу маалымат бергендерге сый акы убадалаган. Кийинчерээк социалдык тармактарда кармалган шектүүнүн сүрөттөрү тараган. Бирок интернет колдонуучулары ИИМ издөөгө алган киши менен кармалган жигиттин окшош эместигин айтып чыгышкан.
Окуядан кийин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда айтылган пикирлерди төгүндөгөн билдирүү жасаган. Көп өтпөй министрлик билдирүү жасап, анын кармалгандагы тасмаларды жарыялады. Андан артынан анын көрсөтмө бергенин билдирди.

