Трамп: "АКШ Газа тилкесин калыбына келтирүүгө жардам берет"
АКШ башка мамлекеттер менен биргеликте Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылы ортосунда келишим түзүлгөндөн кийин Газа тилкесин калыбына келтирүүгө катышат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирди.
"Менимче, адамдардын ортосунда мамилелер калыбына келип, Газанын кантип кайра курулуп жатканын көрөсүздөр",- деп билдирген Трамп.
Дональд Трамп Газаны калыбына келтирүүгө кайсы мамлекеттер катышарын тактаган жок. Анын айтымында, келишимден кийин Газа "мурдагыга караганда кыйла коопсуз жер" болуп калат.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Израил менен ХАМАС жаңжалды жөнгө салуу планынын биринчи этабы боюнча келишимге бүгүн, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө кол коюшат. Келишимден кийин Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирет. Трамптын планынын кийинки этабы анклавды башкаруу үчүн эл аралык уюм түзүүнү карайт.

