Кремль: Путин менен Алиев бүгүн жолугушат
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн жолугушат. Ал сүйлөшүүдөн оң натыйжа болот деген ишенимин билдирип, жолугушууда эки өлкө ортосундагы мамилелердин учурдагы абалы караларын кошумчалады.
Песковдун маалыматына ылайык, Путин учурда Тажикстандагы расмий сапарда болуп, бул өлкөдөгү иш сапарынын алкагында да бир катар маанилүү маселелерди талкуулайт. Бирок Азербайжан менен байланыштар өзүнчө маанилүү тема катары өз ордун ээлейт.
Акыркы айларда эки өлкө ортосунда чыңалуу байкалууда. Буга 2024-жылы Азербайжандын учагы Казакстанда кулап, анда 38 адам каза болгон окуя жана быйыл июнда Екатеринбургда Азербайжан жарандарын өлтүрүү фактылары себеп болгон.

