super.kg logo

Индияда 17 баланын өлүмүнөн кийин жөтөлгө каршы зыяндуу сироптор аныкталды

 

Индиянын бийлиги акыркы бир ай ичинде кеминде 17 баланын өлүмүнөн кийин жөтөлгө каршы сироптун курамынан уулуу зат табышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, аталган сироп Тамилнад штатындагы Sresan Pharmaceutical компаниясы тарабынан өндүрүлгөн. Анализдер көрсөткөндөй, сиропто диэтиленгликолдун деңгээли 48,6 пайызды түзгөн, ал эми анын уруксат берилген чеги болгону 0,1 пайыз экени айтылды.

Учурда дарыны чыгарууга тыюу салынып, компаниянын ээси камакка алынган.

Ошондой эле көзөмөлдөө органдары Гужарат штатында чыгарылган Respifresh TR жана ReLife аттуу сиропторду да колдонбоого чакырышкан. Бул дарыларда дагы уулуу заттын деңгээли нормадан ашкан.

Индия бийлигинин маалыматына караганда, бул сироптор расмий түрдө экспорттолгон эмес. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алардын бейрасмий жолдор менен башка өлкөлөргө тарашы мүмкүн экенин эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: