super.kg logo

Таксист эмне дейт? ИИМ Ак-Ордодогу окуяга байланыштуу видео жарыялады 

 

Ички иштер министрлиги Бишкектин Ак-Ордо-3 конушундагы кандуу окуяга шектелип кармалган 19 жаштагы жигиттин кылмышты кандай кылганын көрсөтткөн видео жарыялады.

Анда шектүү маркумдарды кандай бычактаганы, үйдөгү абал, кылмыш жасалган 2 бычак көрсөтүлөт. Ал үйгө кантип киргенин, кылмыш жасалган соң бычакты кайда койгонун, жолго чыгып такси чакырганын көрсөтүп, айтып берген. Такси кызматынын айдоочусу шектүү Гагарин менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинен түшүп калганын айтат.

Белгилей кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта үрөй учурган окуя катталып, эки бир тууганды бычактап кетендиги боюнча маалымат тараган. Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгондугу маалымдалган. Каргашалуу окуя болгон жерден каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүргөн.

ИИМ шектүүнүн сүрөтүн чыгарып, ал тууралуу маалымат бергендерге сый акы убадалаган. Кийинчерээк социалдык тармактарда кармалган шектүүнүн сүрөттөрү тараган. Бирок интернет колдонуучулары ИИМ издөөгө алган киши менен кармалган жигиттин окшош эместигин айтып чыгышкан.

Окуядан кийин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.

Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда айтылган пикирлерди төгүндөгөн билдирүү жасаган. Көп өтпөй министрлик билдирүү жасап, анын кармалгандагы тасмаларды жарыялады. Андан артынан анын көрсөтмө бергенин билдирди.

Окуя боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров да билдирүү жасады.






ИИМ Ак-Ордодогу окуяга шектүүнүн кантип кылмыш кылганын көрсөткөн видео жарыялады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: