Газада ок атышууну токтотуу келишими күчүнө кирди
Египеттин мамлекеттик ЖМКларынын маалыматына караганда, Газа тилкесинде ок атышпоо режими күчүнө кирди. Египетте жүргөн сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жыйынтыкталып, эки жылга созулган Израилдин аскердик операцияларынан кийин Газа аймагында тынчтык орной баштаганы кабарланды.
"Биз Катардагы, Египеттеги жана Түркиядагы ортомчу бир туугандарыбыздын аракеттерин жогору баалайбыз. Ошондой эле согуштун биротоло токтошун жана Израилдин Газа тилкесинен толугу менен чыгып кетишин көздөгөн АКШнын президенти Дональд Трамптын аракеттерин да жогору баалайбыз",- деп маалымат таратты ХАМАС.
Уюм Израилди макулдашылган шарттарды аткарууга мажбурлоо зарылдыгын да кошумчалады.
"Бул тарыхый жана болуп көрбөгөндөй окуянын ишке ашуусу үчүн биз менен бирге иштеген Катардан, Египеттен жана Түркиядан келген ортомчуларга ыраазычылык билдиребиз",- деп Трамп сүйлөшүүлөргө комментарий берди.

