1-класстар үчүн “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” окуу-методикалык комплекси басылып чыкты
Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 1-класстары үчүн жаңы муундагы “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” окуу-методикалык комплекси жарык көрдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган окуу-методикалык комплекс (окуу китеби, иш дептери жана методикалык колдонмо) Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйүндө даярдалып, “Учкун” ишканасынын басмаканасында 295 880 нускада басылды.
Китептерди басууну каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Азыркы учурда басылып чыккан китептер министрликтин аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө. Андан ары китептер мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына бөлүштүрүлөт.
Буга чейин маалымдагандай, быйыл Кыргызстандын мектептери 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” окуу-методикалык комплекстери менен камсыздалат. Алардын жалпы нускасы – 1 236 830.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2025-10-09

16:45
2025-10-09
15:07
2025-10-09
14:9
2025-10-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.