super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте октябрда болчу профессионалдык бокс турнирине 10 кыргызстандык мушкер катышат

 

Бүгүн, 9-октябрда Бишкектеги "Novotel" мейманканасында "Saikou X Lush Boxing Promotions" компаниясы уюштура турган экинчи эл аралык профессионалдык бокс турнири боюнча пресс-конференция өттү. Ага Кыргызстандын Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев, аталган компаниянын президенти Аалам Дайчанбек, башкы катчысы Харада Моёке, WBA Asia куру үчүн ат салыша турган Дилмурад Сатыбалдиев, белгилүү мушкер Самат Абдырахманов баштаган бир катар мушкерлер катышты.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө журналисттерге жана спорт коомчулугуна бокс кечесинин програмасы, катышуучу мушкерлер жана титулдук беттештер тууралуу кеңири маалымат берилди.

"25-26-октябрда турнирдин алкагында кесипкөй жана титулдук беттештер өтөт. Анын алкагында бир катар кыргыз мушкерлери рингге чыгышат. Алардын арасында "Самат кыргыз" деген ат менен да белгилүү болгон кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов бар. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз. Мушкерлердин даярдыгы эң мыкты. Бул турнир Кыргызстандагы боксту өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, кыргыз мушкерлеринин тажрыйбасын жогорулатууга мыкты шарттарды түзөт деп үмүттөнөбүз. Баарыңыздарды алдыдагы иш-чарага катышууга чакырабыз. Келип биздин мушкерлерди колдоп, күйөрмандык кылып кетиңиздер",- деди Умбеталы Кыдыралиев.

Ал эми Самат Абдырахманов маалымат жыйындын жүрүшүндө алдыдагы турнирге болгон даярдыктары тууралуу айтып берди.

"Мен биринчи жолу Кыргызстанда рингге чыгууга даярданып жатам. Даярдык жогорку деңгээлде десем болот. Толкундоолор да жок эмес. Анткени өз жеримде беттешем, күйөрмандарым, жакындарым, досторум келип көрүшөт. Мыкты беттеш көрсөткөнгө аракет жасайбыз",- деди мушкер.

Уюштуруучулар Кыргызстандын атынан рингге 10 кыргыз мушкери чыга тургандыгын билдиришти.

"Абдырахмановдун атаандашы зимбабвелик Брендон Денес болмокчу. Турнирдин алкагында беш титулдук беттеш өтүп, анын ичинде WBA Asia, WBI жана IBF версияларынын курлары ойнотулат. Бул - дүйнөлүк деңгээлде таанылган жана атактуу мушкерлер күч сынашып жүргөн титулдар. Сатыбалдиев жана Абдрахмановдордун катарын Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Абдыжапар уулу Сыргак, Нуржигит Дүйшөбаев, Жеңиш Улпатов, Аскат Култаев, Арген Кадырбеков, Адилет Качкынбеков жана Нурсултан Тулекулов да толуктайт",- деп кошумчалады уюштуруучулар тобу.

Беттештер борбордогу "Bishkek Arena" спорт комплексинде уюштурулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: