super.kg logo

Кыргызстан БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын 86-сессиясына катышты (фото)

 
8-10-октябрь күндөрү Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (UNECE) Туруктуу өнүгүү, турак жай жана жер пайдалануу боюнча комитетинин 86-сессиясы өтүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ага 30дан ашуун өлкөнүн министрлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын алкагында турак жайга жеткиликтүүлүк, коомдук жана социалдык турак жай фондун кеңейтүү, жеке сектордук инвестицияларды тартуу, жер саясатын өркүндөтүү жана кыска мөөнөттүү ижараны жөнгө салуу маселелери талкууланды. Ошондой эле климаттык туруктуулук, инновациялык курулуш технологиялары жана эски имараттарды кайра пайдалануу сыяктуу темалар көтөрүлдү.
Жыйынга Кыргызстандын атынан курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу катышты. Ал өз сөзүндө, Кыргызстандын турак жай саясаты, өнүгүү багыттары жана эл аралык кызматташтыкка болгон даярдыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, Кыргызстан аталган эл аралык демилгенин алкагында "Менин үйүм" долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып жатканын белгилеп, акыркы үч жыл ичинде бул программа аркылуу 25 миңге жакын үй-бүлө мамлекеттик ипотека аркылуу турак жайлуу болгонун билдирди.
Сессияда министрлер турак жай – адам укугу экенин белгилеп, бул маселени БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын жана Женева хартиясынын маанилүү бөлүгү катары таанып, биргелешкен аракеттерди улантуу чечимине келди.
Белгилей кетсек, UNECE комитетинин маалыматына ылайык, учурда дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашуун адам турак жайга муктаж.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: