КМШ лидерлери Тажикстанда. Садыр Жапаровдун учагы Душанбеге конду









Бүгүн, 9-октябрда президент Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу мамлект башчысынын басма сөз кызматы билдирип, сапар ал өлкөнүн башчысы Эмомали Рахмондун чакыруусу менен болуп жаткандыгын белгиледи.
Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Аэропортто КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.
Жапаровду Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Мамлекет башчысы сапарынын жүрүшүндө "Борбор Азия – Россия" экинчи саммитине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Ошондой эле бир катар биргелешкен документтерди кароо жана кабыл алуу күтүлүүдө.
Айта кетсек, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын лидери Касым-Жоомарт Токаев баргандыгы кабарланды.

